“Ойлоншоу” клубу 8-сезонун ачты


Студенттик Кеңештин “Ойлоншоу” интеллектуалдык клубу 8-сезондун биринчи оюнун өткөрдү. Таймашка жалпы 12 команда катышып, эки турдун алкагында күч сынашты. 1-турда команда капитандары таймашса, 2-турда командалык оюн орун алды.

Оюнчулар “Made in Kg” темасынын алкагында ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн ишмердигине, тарыхына жана товарларына байланышкан суроолорго жооп беришти. Оюн тең чыгуулар менен коштолуп, кошумча берилген суроолордун жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды. Натыйжада 3-орунду “Асаба”, 2-орунду “Интеллект” командасы ээледи. Ал эми 1-орунга “Олимп” командасы ээ болуп, финалдык оюнга жолдомо алды. Жеңүүчүлөр демөөрчүлүк кылган “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун китептери менен “Салкын” жана “Саркеч” кийим фирмаларынын белектерине ээ болушту.


Мындан тышкары оюндун көрөрмандарына суроолор берилип, белектер тапшырылды.
Эскерте кетсек, оюн эки жумада бир жолу өткөрүлүп, ар жумада белгилүү бир теманын алкагында жүргүзүлөт. Ар бир командада төрттөн студент болуусу шарт.
Белгилей кетсек, “Ойлоншоу” интеллектуалдык клубу 2014-жылы түзүлгөн. Учурда клуб радио жана телевидение бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Тыныстан Темиржан уулунун жетекчилиги менен иш алып барууда.

Даярдаган: Адинай Курманова