“Компьютерде ыкчам жазуу” мелдеши өткөрүлдү


Студенттик Кеңеште жаңы түзүлгөн клубдардын бири “Computer Science Club” тарабынан “Компьютерде ыкчам жазуу” мелдеши уюштурулду. Жарышка жалпы 50 студент катышты.


Мелдеш http://play.typeracer.com/ сайты аркылуу онлайн түрдө жүргүзүлүп, беш тур менен өткөрүлдү. Ар бир турдан жеңген катышуучулар финалга чыгып, баш байге үчүн ат салышты. Жыйынтыгында 3-орунду компьютердик инженерия бөлүмүнүн студенти Азамат Зынтемиров ээлесе, 2-орунга аталган факультеттин студенти Атай Султангазиев татыктуу болду. Ал эми туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин студенти Айдил Умаров 1-орунду жеңип алды. Жеңүүчүлөр акчалай сыйлык жана грамоталар менен сыйланды.


Белгилей кетсек, “Computer Science Club” 2017-жылдын апрель айында түзүлгөн. Учурда клуб компьютердик инженерия бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Мустафа Альп Четиндин жетекчилиги менен иш алып барууда.


Даярдаган: Адинай Курманова