Жазгы шаң 2016


КТМУда 13-май күнү «Жазгы шаң – 2016» бир жумага созулган оюн-зоок фестивалы жыйынтыкталды.Бул иш-чара Эл аралык студенттер координаторлугу тарабынан уюштурулуп, өзгөчө шаң менен белгиленди. 

Университетибизде билим алып жаткан өлкө өкүлдөрүнүн улуттук тамак-аштары жасалып, түрк элдеринин орток оюндары ойнолду. Ошондой эле улуттук кийимдердин көргөзмөсү көрсөтүлүп, мындан сырткары Кыргызстандагы белгилүү ырчы - Юлия Руцкая, Тамашоу лигасынын «Позитив» командасы жана окуу жайыбыздын таланттуу студенттери катышкан концерттик программа орун алды. 

Ищ-чара дискотека менен жыйынтыкталды.