Бүтүрүүчүдөн студентке долбоору: Кантип ийгиликтүү аңгемелешебиз?


Үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрында “Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы” жана “Инсандык өнүгүү” клубу тарабынан “Бүтүрүүчүдөн студентке” долбоорунун алкагында “Ийгиликтүү аңгемелешүү” аталышындагы семинар уюштурулду. Семинар КТМУнун бүтүрүүчүсү, менеджмент бөлүмүнүн окутуучусу, экономика жана башкаруу факультетинин деканынын орун басары Сейил Нажимудинова тарабынан өтүлдү.

Семинарда Сейил Нажимудинова кайсы бир программага тапшырууда же жумушка орношууда эң керектүү болгон аңгемелешүүгө (Собеседование) даярдануунун жол-жоболору жана анда эске алчу негизги жагдайлары тууралуу айтып берди. Ошондой эле өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, балалык чагынан тартып, студенттик күндөрүндөгү кызыктуу окуяларын баяндап өттү.


Ал өз сөзүндө “2003-жылы окуу жайдын биринчиси болгонумда, ата-энемдин сыймыктанганын көрүп абдан сүйүнгөм. Ата-эненин ыраазычылыгын алуудан өткөн бакыт жок болсо керек”,- деп билдирди. Ошондой эле билимди, эмгекти жана аракетти туура жолго багыттоого чакырды.
Иш-чаранын соңунда мурунку жумада семинар өткөн белгилүү теле алып баруучу Эркин Рыскулбековдун жана студенттердин суроолоруна жооп берип, мыкты суроо бергендерге белегин тапшырды.


Мындан тышкары Сейил Нажимудиновага уюштуруучулар тарабынан ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Даярдаган: Адинай Курманова