Чет өлкөдө иштөөнү каалаган студенттер үчүн семинар өткөрүлдү


Үстүбүздөгү жылдын 16-ноябрында университетибиздин К.Тыныстанов жыйындар залында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу миграция кызматынын маалыматттык-консультативдик борбору тарабынан чет өлкөдө иштөөнү каалаган студенттер үчүн семинар өткөрүлдү.


Аталган борбордун башкы адиси Ырысбек Шамуратов чет өлкөгө иштөө үчүн агенттиктер менен кетүүнүн жол-жоболору менен тааныштырды.Ал өз сөзүндө “Чет өлкөгө барардан мурун иш таап берип жаткан агенттиктин Кыргызстанда иштөөгө уруксаат берилген лицензиясын текшерүүңөр керек. Лицензия ар бир агенттикке бир жыл үчүн берилет. Миграция кызматынын маалыматтык-консультативдик борбору боюнча толук маалыматты oec.kg сайтынан расмий иштеп жаткан агенттиктердин тизмесин көрө аласыңар. 189 кыска номери болсо чет өлкөдө ар түрдүү оор абалга кабылган жарандарыбызга жардам берүү үчүн ачык”,- деп билдирди.


Семинар суроо-жооп менен аяктады.

Даярдаган: Адинай Курманова