Студенттер күнү белгиленди


Үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында Студенттик кеңеш тарабынан “Студенттер күнүнө” карата концерттик программа уюштурулду. Майрамдык кече социалдык курулуштар имаратында өткөрүлдү.


Кечеде активдүү студенттерге сый тамак берилип, “Музыка” клубунун концерттик программасы менен коштолду. Ошондой эле кызыктуу оюндар өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды.


Кошумчалай кетсек, 17-ноябрь Эл аралык студенттердин күнү 1946-жылы 17-ноябрда Чехословакиянын борбору Прага шаарында студенттердин дүйнөлүк конгрессинде бекитилген.

Кыргызстанда бул күн расмий майрам болуп саналбаса да, 1990-жылдан бери студенттер арасында майрам катары кабылданып, белгиленип келет.

Даярдаган: Гүлүмкан Алдашева