“Манас+” долбоору SOS Герман Гмайнер окуу-тарбия комплексинде


Үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында “Манас +” командасы тарабынан Бишкек шаарындагы SOS Герман Гмайнер окуу-тарбия комплексинде 9-11-класстардын окуучулары үчүн “Мен жол эрежесин билем” аталышындагы семинар өткөрүлдү.


Аталган семинар КТМУнун Кесиптик жогорку мектебинин Автоунаа тейлөө жана оңдоо программасынын окутуучусу проф., докт. Улукбек Давлятов тарабынан өтүлдү. Семинарда жол эрежелери боюнча негизги түшүнүктөр кеңири айтылды.


Мындан тышкары семинарда жол эрежелери боюнча түзүлгөн суроо-жооп түрүндөгү оюн уюштурулду.


Белгилей кетсек, семинарлар университетибиздин ректоратынын колдоосу менен Студенттик иштер башкармалыгынын Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын жетекчилигинде өткөрүлүүдө. Жыл боюнча өткөрүлүүсү пландалган иш-чаралардын алкагында “Мен жол эрежесин билем” семинары, кийинки жумада аталган мектептин 5-8-класстын окуучуларына “Манас+” жана инсандык өнүгүү клубу тарабынан өткөрүлөт. Семинар октябрь айында Бишкек шаарындагы №95 мектепте башталган.

Даярдаган: Адинай Курманова