Бүтүрүүчүдөн студентке долбоору: Эрктүү адамдар ийгиликке жетет


Үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрында “Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы” жана “Инсандык өнүгүү” клубу тарабынан “Бүтүрүүчүдөн студентке” долбоорунун алкагында “21900” аталышындагы семинар уюштурулду. Семинар КТМУнун теология факультетинин бүтүрүүчүсү, “Инсандык өнүгүү” клубунун түзүүчүсү Аязбек Атамкулов тарабынан өтүлдү.


Семинарда Аязбек Атамкулов негизинен улуу залкарлардын айткан ойлору менен бөлүшүп, өзүнүн тажрыйбаларын айтып берди. Ошондой эле көпчүлүктүн кызыгуусун туудурган семинардын темасын мындайча түшүндүрдү. “Адам орточо эсеп менен 60 жыл жашайт. Ийгилик жараткандар да 60 жашка чейин жаратат экен. Ошондон улам 365 күндү 60 жашка көбөйтүп, 21900 деп атагам”,- дейт Атамкулов.
Мындан тышкары “Сага болгон махабат” аталышындагы Пайгамбарыбыз Мухаммед (С.А.С)га арналган ырын окуп берди.


Ал өз сөзүндө “Эгер бир иштен бошосоң, дароо экинчи ишке өт деген бар. Ар дайым эмгектенүү менен ийгиликке жетүүгө болооруна ишенем. Маанилүүсү бир нерсени жасоодо бир канча тараптан караганды билүү керек”, -деп билдирди. Ошондой эле билимди, эмгекти жана аракетти туура жолго багыттоого чакырды.
Иш-чаранын соңунда мурунку жумада семинар өткөн КТМУнун бүтүрүүчүсү, менеджмент бөлүмүнүн окутуучусу, экономика жана башкаруу факультетинин деканынын орун басары Сейил Нажимудинованын жана студенттердин суроолоруна жооп берип, мыкты суроо бергендерге белегин тапшырды.


Мындан тышкары Аязбек Атамкуловго уюштуруучулар тарабынан ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Даярдаган: Адинай Курманова