Мектеп окуучулары үчүн “Мен жол эрежесин билем” семинары уланууда


Үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрында “Манас +” командасы жана Студенттик кеңештин Билим комитети тарабынан Бишкек шаарындагы SOS Герман Гмайнер окуу-тарбия комплексинде 5-8-класстардын окуучулары үчүн “Мен жол эрежесин билем” аталышындагы семинар өткөрүлдү.

Жол эрежелери жана коопсуздукту кантип сактоо керектиги жөнүндө маалымат берилгенден кийин окуучулар, суроо-жооп аркылуу алган маалыматтарын тереңдете алышты. Ошондой эле жол эрежелерин сактоо боюнча видео тасмалар көрсөтүлдү.


Мындан тышкары семинарда “Билим” комитети тарабынан “Мен жол эрежесин билем” аталышында дилбаян жазуу конкурсу жарыяланды. Жыйынтыгы бир айдын ичинде чыгарылып, ар бир класстан тандалган эң мыкты үч дилбаянга сыйлыктар берилет.


Белгилей кетсек, “Мен жол эрежесин билем” семинары өткөн жумада аталган мектептин 9-11-класстын окуучулары үчүн өткөрүлгөн.

Даярдаган: Адинай Курманова