“Кош келдиң хазырлык” кечеси өткөрүлдү


24-ноябрь күнү Студенттик Кеңеш тарабынан коммуникация факультетинде 2017-2018-окуу жылынын даярдоо курсунун студенттерине арналган «Кош келдиң хазырлык» кечеси уюштурулду.


Кече кыргыз эстрада жылдыздыздарынын катышуусунда жана Радик Эшимовдун алыпбаруусунда өткөрүлдү. Эстрада ырчылары Айыма Айылчиева, Кайрат Примбердиев, Кайрат Кыргыз, Жан Сабыров жана реперлер Бегиш менен Баястан өнөрлөрүн тартуулап кайтышты.

Ошондой эле «Адем» бийчилер тобу менен даярдоо курсунун студенттеринин бийчилер тобу кечени көрккө бөлөдү. Мындан тышкары кечеде ар түрдүү оюн-зооктор көрсөтүлүп,кызыктуу оюндар ойнотулду.

Жеңүүчүлөр түрдүү сертификаттар жана белектер менен сыйланды. Эң башкы белекке Iphone 5 жана Samsung J1 чөнтөк телефондору берилди.


Кеченин соңунда фонариктер учурулуп, фейерверктер менен коштолду.

Даярдаган: Таттыбүбү Абдысеитова