Компьютердик программаларды үйрөтүү курсу ачылды


Студенттик Кеңеште жаңы түзүлгөн клубдардын бири “Computer Science Club” тарабынан студенттер үчүн акысыз компьютердик программаларды үйрөтүү курсу ачылды.

Ачылган курста “Java Programming” (компьютерде программалоо тили) “Front End Development Programming” (колдонуучу интерфейс) программалары окутулуп жатат. Курстар атайын сынактын негизинде тандалып алынган инженерия факультетинин 3-курсунун студенттери Акылай Осонова жана Бегимай Асанбекова тарабынан өтүлүүдө.

Сабактар ар жуманын ишемби күнү саат 10:00-12:30 жана 13:30-15:00 арасында өткөрүлөт. Учурда эки программаны 50 дөн ашык студент үйрөнүүдө.

Белгилей кетсек, “Computer Science Club” 2018-жылдын апрель айында түзүлгөн. Учурда клуб компьютердик инженерия бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Мустафа Альп Четиндин жетекчилиги менен иш алып барууда.

Даярдаган: Адинай Курманова