1-класстын окуучуларына “Мен жол эрежесин билем” семинары өткөрүлдү


Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында борбор калаабыз Бишкек шаарындагы SOS Герман Гмайнер окуу-тарбия комплексинде 1-класстын окуучулары үчүн “Мен жол эрежесин билем” аталышындагы семинар өткөрүлдү.

Иш-чара “Манас +” командасы тарабынан уюштурулду. Семинарда окуучуларга жол кыймылынын эрежелери түшүндүрүлүп, жол белгилери жана жүргүнчүнүн укуктары баяндалды. Ал эми университеттин “Театр” клубу тарабынан жолдо жүрүүнүн жана коопсуздукту сактоонун эрежелери кыска сценкалар менен көрсөтүлдү.

Ошондой эле жол эрежесин сактоо боюнча видео-тасмалар көрсөтүлүп, суроо-жооп менен коштолду. Мындан тышкары семинарда “Мен жол эрежесин билем” аталышында сүрөт тартуу конкурсу жарыяланды. Жыйынтыгында эң мыкты сүрөттөргө сыйлыктар берилет.

“Мен жол эрежесин билем” семинарынын максаты мектеп окуучуларына жолдо жүрүүнүн жана коопсуздукту сактоонун эрежелерин үйрөтүү. Жол кырсыктарынын алдын алуу жана жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоого чакыруу болуп саналат.

Эскерте кетсек, “Мен жол эрежесин билем” семинары аталган мектептин 5-8-класстарынын окуучуларына да өткөрүлгөн.

 

Даярдаган: Адинай Курманова