Ректор Теология факультети менен маектешүү кечесин өткөрдү


29-ноябрь күнү университеттин ректору проф., док. Себахаттин Балжы жана проректор проф., док. Анварбек Мокеев теология факультетинин студенттери менен маектешүү кечесин өткөрдү.


Маектешүү кече окуу жайдын таанытым тасмасы менен башталды. Ректор маегинде теология факультетинде түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдөн кеп салып, адамдык сапаттар жана ийгилик жаратуудагы өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү. Ал өз сөзүндө “Теология жаатында билим алып жатканыңарга байланыштуу ислам дининин туура таралышы же бурмаланып, туура эмес жайылышы силерден көз каранды. Дин билимине ээ болгон адис катары жоопкерчилигиңер башкалардыкына караганда өтө жогору. Калк силердин кылган ишиңерге карап түздөнөт, ошондуктан катачылыкка жол бербөөгө аракет кылгыла”,- деп баса белгиледи. Ошондой эле байланыш каражаттарын жана жаңы технологияларды туура колдонууга чакырды.

Ал эми проректор проф., док. Анварбек Мокеев акыркы жылдары өлкөдөгү жаштардын ислам дининин талаптарын аткаруудагы оң жана терс жактарын белгилеп, калкка туура маалымат берүүдө милдетиңер жогору деп билдирди.


Жолугушуунун соңунда маектешүүгө келген студенттердин суроолоруна жооп беришти.
Эскерте кетсек, буга чейин гуманитардык факультетинин студенттери менен маектешүү кечеси өткөрүлгөн.

Даярдаган: Адинай Курманова