“Мен жол эрежесин билем” семинары өткөрүлдү


Үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында Борбор калаабыз Бишкек шаарындагы №69 мектеп гимназиясында 1-3-класстардын окуучулары үчүн “Мен жол эрежесин билем” аталышындагы семинар өткөрүлдү. Иш-чара “Манас +” командасы тарабынан уюштурулду.

Семинарда окуучуларга жол кыймылынын эрежелери түшүндүрүлүп, жол белгилери жана жүргүнчүнүн укуктары баяндалды. Ал эми университеттин “Театр” клубу тарабынан жолдо жүрүүнүн жана коопсуздукту сактоонун эрежелери кыска сценкалар менен көрсөтүлдү. Ошондой эле жол эрежесин сактоо боюнча видео-тасмалар көрсөтүлүп, суроо-жооп менен коштолду.

Мындан тышкары семинарда “Мен жол эрежесин билем” аталышында сүрөт тартуу конкурсу жарыяланды. Жыйынтыгында эң мыкты сүрөттөргө сыйлыктар берилет.

Да

Даярдаган: Адинай Курманова