“Китеп жарманкеси” өткөрүлдү


11-12-декабрь күндөрү Студенттик Кеңештин “Билим” комитети тарабынан  “Китеп жарманкеси” өткөрүлдү. Китептер университеттин башкы имараты менен экономика жана башкаруу факультетинин 1-кабатында сатыкка коюлду.

Иш-чара студенттерге китеп алмашуу жана арзан баада китеп сатып алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү максатында уюштурулган. Жарманкеде ар түрдүү тармактагы кыргыз, түрк, орус, англис жана немис тилиндеги китептер сатыкка коюлду. Китептердин баасы 50 сомдон, 1000 сомго чейин түздү.

Эң кымбат китеп Чыңгыз Айтматовдун “Полное собрание сочинений” аттуу китеби болсо, арзан китептердин катарын дилбаяндар түрмөктөрү жана сөздүктөр түздү. Иш-чаранын жүрүшүндө эки китептен көп алган студенттерге кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, “Китеп жарманкеси” жыл сайын өткөрүлүп келет.

Даярдаган: Адинай Курманова