Мени атаңар катары көргөнүңөр үчүн бактылуумун!


Студенттик Кеңештин “Инсандык өнүгүү” клубу тарабынан “Атадан алтын кеңештер” аталышындагы семинар уюштурулду. Семинар КТМУнун ректору, проф., док.Себахаттин Балжы тарабынан өткөрүлдү.


Семинарда ректор турмуштук тажрыйбалары менен бөлүшүп, билим алууда жана аны пайдалуу колдонууда эске алчу жагдайлар тууралуу айтып берди. “Бардык адамга берилген 24 саатты кандай пайдаланганыбыз өтө маанилүү. Силер убакытты туура жана пайдалуу колдонгон адамдардан болгула. Бир келген убакыт жана мүмкүнчүлүк экинчи ирет кайтып келбейт”, -деп билдирди. Ошондой эле “Мени өз атаңар катары көргөнүңөр үчүн бактылуумун. Менин алты миңден ашык балам бар жана ага татыктуу болууга аракет кыламын”,- деди ректор Себахаттин Балжы.


Мындан тышкары билимди, эмгекти жана аракетти туура жолго багыттоого чакырды.

Иш-чаранын соңунда мурунку жумада семинар өткөн КТМУнун теология факультетинин бүтүрүүчүсү, “Инсандык өнүгүү” клубунун түзүүчүсү Аязбек Атамкуловдун жана студенттердин суроолоруна жооп берип, мыкты суроо бергендерге белегин тапшырды.

Даярдаган: Адинай Курманова