“Тилмечтер таймашы” кайрадан старт алды


18-декабрда Касым Тыныстанов жыйындар залында  “Тилмечтер таймашы” клубунун “Технологиялар” аталышындагы интеллектуалдык оюну өткөрүлдү. Оюнга синхрондук котормо бөлүмүнүн окутуучулар   жамааты жана  студенттер катышты. Мелдеште  “Алга”, “Глобус”, “Акциома”, “Maximist”, “Inter Group”, “Tilmech Team”, “Victoria”,“Erk Translate” командалары болуп, жалпы 8 команда ат салышты. Оюн буга чейин өткөн мелдештердин кыска видео-ролиги менен башталып, командалар “Технология” жаатындагы суроолорго жооп беришти.

Жыйынтыгында  3-орунду “Tilmech Team” командасы багындырса, 2-орунду “Алга” тайпасы ээледи. Ал эми чемпиондукту  “Victoria” командасы жеңип алды. Жеңиш ээлери грамоталар жана белектер менен сыйланды.

Эскерте кетсек, “Тилмечтер таймашы”  2015-жылдын  декабрь айында  синхрондук котормо бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Айчүрөк Нурланова тарабынан түзүлгөн.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова