“Манас” дебаттык клубу 15 жылдык мааракесин белгиледи


Үстүбүздөгү жылдын 16-17-декабрь күндөрү  “Тарыхын унуткан кул” аттуу темада республикалык деңгээлдеги  “Манас-CUP” турнири өткөрүлдү. Турнир менен бирге “Манас” дебаттык клубунун 15 жылдык мааракеси белгиленди. Иш-чара “Манас” дебаттык клубу тарабынан уюштурулду.

  Иш-чаранын биринчи күнү тандоо туру орун алып, жарым финалга командалар тандалып алынды. Ал эми экинчи күнү жарым финал жана финалдык беттеш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Катуу таймаштын жыйынтыгында 1-орунду “Саатына 1200”,

2-орунду “Мастер Угвей жана анын сүйгөнү” командалары ээледи. Ал эми  3-орунга  “Assembler”  командасы ээ болду.  Жеңүүчүлөр кубок жана белектер менен сыйланды.

Мындан тышкары турнирдин соңунда Манас” дебаттык клубунун 15 жылдык отчеттук видео-тасмасы көрсөтүлүп, концерттик программа менен коштолду.

                                                                            Даярдаган: Назарбай кызы Аксаамай