“Көч” долбоору ветеринардык факультетинде


20-декабрь күнү ветеринардык факультетинин 101-А жыйын залында,”Көч” долбоорунун кезектеги оюну уюштурулду. Оюнга ветеринардык факультетинин студенттери катышты.


Алгач аталган долбоордун кыска видео ролиги көрсөтүлдү. Оюн чучу кулак жолу менен тандалган «Белгилүү инсандар” темасынын алкагында жүргүзүлдү. Тандоо турунда «Альфа», «Билгирлер», «Асман», «Энигма», «Жигиттер» жана «Элбий» командалары болуп, жалпы алты команда күч сынашты.

Жыйынтыгында «Жигиттер» командасы жеңишке ээ болуп, финалдык мелдешке катышууга жолдомо алды.
Жеңиш ээлери кийинки көчтү «Спорт» факультетине узатты.


Эскерте кетсек, “Көч” долбоору тарабынан гуманитардык факультетинин студенттери үчүн да мелдеш өткөрүлгөн.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова