“Манас ART” клубу ачылды


22-декабрь күнү Касым Тыныстанов жыйындар  залында  “Манас ART” клубунун ачылыш аземи өткөрүлдү.

Клубдун ачылыш аземи эки бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгүндө концерттик программа орун алды. Концертте  көркөм өнөр факультетинин студенттери тарабынан даярдалган сахналаштырылган сценка көрсөтүлүп, ыр бий менен коштолду. Ал эми экинчи бөлүгүндө кыздар акысыз мехенди тарттыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Мындан тышкары графика бөлүмүндө окуган студенттердин тарткан эмгектери көргөзмөгө коюлган.  

Клубдун максаты, студенттердин искусствого болгон кызыгуусун арттыруу жана көмүскөдөгү таланттардын эмгегин жайылтуу болуп саналат.

Учурда “Манас ART” клубу көркөм өнөр факультетинин 2-курсунун студенти Абдимиталип уулу Нурсултандын жетекчилиги менен 10 го жакын студент иш алып барууда.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова