Студенттерибиз 60 үй-бүлөгө жардам көрсөттү


    Үстүбүздөгү жылдын 26-декабрь күнү университетибиздин синхрондук котормо бөлүмүнүн 1-4-курсунун студенттери борбор шаардагы жардамга муктаж болгон 60 үй-бүлөгө көмөк көрсөттү. Иш-чара аталган бөлүмдүн ага окутуучусу Лейла Бабатүрктүн демилгеси менен уюштурулган.

    Кайрымдуулук иш-чарасынын жалпы суммасы 62000 миңден ашык каражатты түздү. Бул акча студенттердин декабрь айынын башында  өткөргөн тамак-аш жарманкесинен топтолгон. Чогулган каражатка студенттер тарабынан Бишкек шаарындагы кары-картаңдарга, жалгыз бой энелерге, көп балалуу үй-бүлөлөргө азык-түлүк продуктулары, таттуулар жана белектер алынып берилди. Демилгечилер ар бир үй-бүлөгө барып белектерин тапшырып кайтышты.

    Уюштуруучулардын айтымында, карылар үйүнө, балдар үйүнө жана муктаж болгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү иш-чаралары жыл бою улантылат.

    Эскерте кетсек, буга чейин аталган бөлүмдүн студенттери тарабынан  балдар үйүнө да  жардам көрсөтүлгөн.

Даярдаган: Адинай Курманова