1-курстун студенти "Инстаграмдагы" видео тасмасы үчүн окуудан чыгарылды


    Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенти Өмер Йенер интернетке жарыялаган шылдың видеосу үчүн окуусун уланта албай турган болуп, биротоло окуудан чыгарылды. Бул тууралуу университеттин коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

    Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин теология факультетинин 1-курсунун студенти Өмер Йенер "Инстаграм" баракчасы аркылуу түз эфирде достору менен сүйлөшүп жаткан учурда Бишкектеги жаңы жылдын майрамдалышын жана кыргыз элин шылдыңга алган  сөздөрдү айткан. Бул түз эфир тасмага тартылып, социалдык тармактарда жарыялангандан кийин талкууга алынган..  

    Бул окуядан соң Өмер Йенер  кыргыз элинен жана “Манас” университетинин жалпы жамаатынан кечирим сураган видео тасмасын жарыялаган.

    Кыргыз-түрк "Манас" университети эл аралык макамда, Кыргызстан менен Түркиянын жана башка түрк тилдүү элдердин достугун, кызматташтыгын бекемдөө максатында түзүлгөн. Аталган студенттин жарыялаган тасмасы окуу жайдын максатына туура келбейт жана тасманын мазмуну студенттин жеке пикирин гана билдирет.

Даярдаган: Адинай Курманова