Ак-Талаалык окуучулар окуу жайыбызда мейманда


    Үстүбүздөгү жылдын 11-январь күнү  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун 22  орто мектебинин 9-11-классынын окуучулары “Манас” университетине саякат жасап, таанышып кайтышты. Таанытуу иш-чарасына жалпы 50 активдүү окуучу катышты.

    Окуучулар  алгач жыйындар залында университеттин таанытым фильмине, студенттик медиа порталдарынын видео тасмаларына күбө болушту. Таанытым фильминен соң окуу жай тууралуу ой-пикирлерин билдиришип, кызыккан суроолоруна жооп алышты. Окуучулардын көпчүлүгү университетке сынак тапшыруу, жатаканадагы шарттар, тил үйрөнүү жаатындагы суроолорго кызыгышты.

    Экскурсиянын соңу кампус тур менен уланып, коммуникация, инженерия факультеттерине жана жатаканага саякат жасашты. Окуучулар телестудия, “Манас” радиосу, “Манас” гезити жана инженерия факультетинин лабараториялары менен таанышып кайтышты.

    Таанытуу иш-чаралары окуучулардын келечектеги кесибин тандоого көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган.

    Белгилей кетсек, таанытым иш-чаралары  Студенттик иштер башкармалыгынын студенттер жана бүтүрүүчүлөр филиалынын колдоосу менен студенттерибизден түзүлгөн таанытуу командасы тарабынан өткөрүлүп келет.  

Даярдаган: Адинай Курманова