Таанышуу программасы


Универститетибизде өткөрүлүп жаткан багыттоо программалары алкагында 27-28-29-сентябрь күндөрү 2016-2017-окуу жылындагы даярдоо бөлүмүнүн студенттери үчүн атайын таанышуу программасы болуп өттү.  

Даярдалган иш-чара университеттин таанытуу видеосу менен башталып, Коммуникация факультетинде тартылган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөнүндөгү кыска фильм менен уланды.

Университеттин ректору, профессор, доктор Себахаддин Балжыга сөз берилип, ал студенттер өз келечегин өздөрү куруусу үчүн “Манас” университетинде  дүйнөлук стандарттарга жооп берген  билим берилээрин баса белгиледи. Учурда биздин бүтүрүүчүлөр дүйнөнүн 5 континентинде, 30 мамлекетте эмгектенип жатканын кошумчалады. 

“Окуу жайлардын алдыңкы гана катарында болуубуз шарт. Ал үчүн бизде эң мыкты мугалимдер, таланттуу, билимдүү, күчтүү, чарчабаган студенттерибиз көп болушу керек.”-деди ал.

Ошондой эле, университеттин проректору профессор, доктор Анварбек Мокеевге да сөз берилип, ал окуу жайда эң мыкты техникалык база, материалдык шарттар, сапаттуу билим алууга бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн айтты. 

Мындан тышкары, академиялык жана административдик бөлүмдөрдүн жетекчилери тааныштырылды. Иш-чара концерттик программа аяктады.Натыйжада үч күнгө созулган таанышуу программаларында бардык бөлүмдөрдүн студенттери университет тууралуу кенен маалымат алышты.