Аймактарда таанытуу иш-чаралары уланууда


Кыргызстандын жети облусундагы мектептерде “Манас” университетинин таанытуу иш-чаралары уланууда.


“Таанытуу” иш-чараларынын алкагында Баткен облусундагы “Алишер Навои” атындагы орто мектебинде “Ойлоншоу” интеллектуалдык оюну уюштурулду. Мелдеште 8-11-классынын окуучуларынан куралган сегиз команда күч сынашты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр мактоо баракчалары жана белектер менен сыйланды.


Ошондой эле Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарынын мектептеринде да таанытуу иш-чаралары өтүп жатат. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер университет тууралуу кенен маалымат берип, окуучулардын кызыккан суроолоруна жооп берүүдө.


Белгилей кетсек, таанытым иш-чаралары Студенттик иштер башкармалыгынын студенттер жана бүтүрүүчүлөр филиалынын жетекчилигинде Студенттик Кеңеш тарабынан жүргүзүлүүдө.

Даярдаган: Адинай Курманова