«Мен жол эрежелерин билем» конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды


Үстүбүздөгү жылдын 24-январында СОС Герман Гмайнер окуу-тарбия комплексинин 1-8-классынын окуучуларынын арасында “Мен жол эрежелерин  билем” темасында өткөрүлгөн сүрөт тартуу жана дилбаян жазуу конкурстарынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

        Окуучуларды сыйлоо аземине университетибиздин ректору проф., док. Себахаттин Балжы жана проректор проф., док. Анварбек Мокеев  катышып, жеңүүчүлөргө грамота жана белектерди тапшырды. “Жол эрежелери” темасынын алкагында даярдалган 200гө жакын сүрөт жана дилбаяндардын арасынан эң мыкты 24 эмгек сыйлыкка татыктуу болду, ошондой эле ар бир окуучуга таттуу белектер таратылды.

        Сыйлоо аземинин соңунда 10-11-классынын окуучулары үчүн “Манас” университетинин таанытуу иш-чарасы орун алды. Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайдын таанытым видео-тасмасы көрсөтүлүп, университеттин шарттары тууралуу кенен маалымат берилди. Ошондой эле окуучулардын кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

        Белгилей кетсек, иш-чара Студенттик иштер башкармалыгы, студенттер  жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын жетекчилигинде “Манас+” командасы тарабынан уюштурулууда.

Даярдаган:Бермет Кулбаева

Которгон: Адинай Курманова