Италияда окуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өттү


Үстүбүздөгү жылдын 12-февраль күнү К. Тыныстанов жыйындар залында Италиянын “Ca’Foscari” университетинин таанытуу иш-чарасы өттү.

   Жыйынга аталган окуу жайдын өкүлдөрү Рачеле Сбрисса, ( Rachele Sbrissa) Фарио Аббасов, (Fario Abbasov) жана студенттер катышты. Университеттин өкүлдөрү “Ca’Foscari” окуу жайы тууралуу  кеңири маалымат берип, студенттердин суроолорна жооп беришти.  Иш-чара англис жана түрк тилдеринде жүргүзүлдү.  

   ”Университетибиз заманбап технологиялар менен камсыздалган. Бир студенттин ар тараптан билим алып,өнүүгүсүнө мыкты шарттар түзүлгөн. Сабактар англис тилинен тышкары башка чет тилдерди да үйрөнүү мүмкүнчүлүгү бар”,-деди университетин өкүлү Рачеле Сбрисса (Rachele Sbrissa)

Иш-чаранын соңунда келген конокторго ректорат тарабынан белектер тапшырылды.

   Белгилей кетсек, “Ca’Foscari” университетинде  23 миң студент билим алат.  Окуу жайда билим берүү англис жана италиян тилдеринде жүргүзүлөт.

Даярдаган: Назарбай кызы Аксаамай