“Bonny&Clyde” кечеси өттү


    Студенттик Кеңеш тарабынан уюштурулган “Bonny&Clyde” аттуу кече өткөрүлдү. Кечеде  эстрада ырчылары жана окуу жайдын таланттуу студенттери өнөрлөрүн тартуулашты.

    Кече башынан аягына чейин жандуу маанайда өтүп, ар түрдүү кызыктуу оюндар жана жарыштар менен коштолду. Оюндун жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер жана “Азия Мол” соода түйүнүнөн арзандатылган баада товар сатып алууга сертификаттар берилди.  Концерт белгилүү эстрада ырчысы Асел Кадырбекованын жана окуу жайдын таланттуу студенттеринин  чыгармалары менен уланды.  

    “Жаңы окуу жылында уюштурган алгачкы чоң кечебиз соонун маанайда өтүп жатат. Бул кече студенттерибиздин бир гана окуу менен эмес, аз да болсо эс алып, жакшы убакыт өткөрүшүнө мүмкүнчүлүк түзүп жатат”,- деп билдирди Студенттик Кеңештин төраймы Алина Тилектешова.

    Белгилей кетсек, 2017-2018-окуу жылындагы Студенттик Кеңештин уюштурган чоң программадагы экинчи кечеси болуп саналат.

Даярдаган: Адинай Курманова