Бүтүрүүчүлөрүбүз Түркиядагы кинофестивалдан байгелүү кайтты


Түркиянын Стамбул шаарында 4-жолу уюштурулган “Пайгамбарларга рахмат” аттуу эл аралык кинофестивалда окуу жайыбыздын үч бүтүрүүчүсү, жаш режиссёрлор сыйлык алды.

    Кинофестивалга жалпы 175 кыска метраждуу тасма катышкан. Радиотелевидение жана киноискусство бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү Аскар Нуракун уулу “Тасмага болгон сүйүү” эмгеги менен “Демөөрчүнүн атайын сыйлыгы”, Мээрим Догдурбекова  “Бакыт” тасмасы үчүн “Калыстар тобунун атайын сыйлыгына” татыды. Ал эми Салтанат Зарнаева “Үй” аттуу киносу менен 3-орунду ээледи.

    “Тасма жарым жылда даяр болду. Сыйлык күткөн эмесмин, кубанычымды сөз менен жеткире албайм”,- деп билдирди Мээрим Догдурбекова.

    Эске сала кетсек, өткөн жылы аталган фестивалда бүтүрүүчүбүз Касиет Кубанычбекова 1-орунду жеңип алган.

Даярдаган: Адинай Курманова