“Ойлоншоу” төрт жашта


Үстүбүздөгү жылдын 19-февралында Студенттик Кеңештин “Ойлоншоу” интеллектуалдык клубу 8-сезондун финалдык турун өткөрүп, төрт жашын белгиледи.

    Финалдык турда 6 команда “ “Манас” эпосун изилдөө” темасынын алкагында күч сынашты. Мелдеш эки тур менен өткөрүлүп, алгачкы турда тайпа башчыларынын мелдеши орун алса, экинчи турда командалык оюн өттү. Катышуучуларга “Манас” эпосу тууралуу жана анын изилденишине байланышкан суроолор берилди.

    Жыйынтыгында 3-орунду “Интеллект” жана 2-орунду “Дилгирлер”  командасы ээледи. 1-орунга “Мурас” командасы ээ болуп, 8-сезондун чемпиону аталса,  “Мыкты оюнчу” наамына Табалдиева Айсезим татыды.  Жеңүүчүлөр ардак грамота жана белектер менен сыйланышты. Ошондой эле “Фейсбук” социалдык тармагында  “Мен ойлоншоуну тааныган күн” деген темада пост жазуу боюнча жүргүзүлгөн сынакта Алы Примов жеңүүчү аталды.

    Иш-чарада оюндан тышкары чакан концерттик программа да орун алды. Окуу жайдын студенттери “Манас” айтып, музыкалык чыгармаларды аткарышты. Мындан тышкары күйөрмандарга да суроолор берилип, белектер тапшырылды.

Даярдаган: Адинай Курманова