Ректор айыл-чарба жана ветеринария факультеттери менен маектешүү кечесин өткөрдү


22-февраль күнү университеттин  ректору проф., док. Себахаттин Балжы жана проректор проф., док. Анварбек Мокеев айыл-чарба жана ветеринария факультеттеринин студенттери менен   маектешүү кечесин өткөрдү.  Маектешүүгө аталган факультеттердин окутуучулук жамааты жана студенттер катышты.

Маектешүү кече окуу жайдын таанытуу тасмасы менен башталды. Ректор маегинде  эки  факультетте түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдөн кеп салып, адамдык сапаттар жана ийгилик жаратуудагы өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү. Ал өз сөзүндө  “Учурда Кыргызстанда айыл-чарба жана ветеринария факультеттеринин бүтүрүүчүлөрүнө суроо-талап өсүүдө. Кесибиңер менен эки тармакта тең ийгиликтүү иштеп кетүү мүмкүнчүлүгүңөр жогору”,-деп билдирди.

Ошондой эле студенттерди кесибин сүйүүгө чакырып, практикалык иштерди көбүрөөк жасоону сунуштады. Ал эми проректор проф., док. Анварбек Мокеев студенттерди ар тараптан изденип окууга жана чет тилдерин да өркүндөтүүгө чакырды.

Жолугушуунун соңунда маектешүүгө келген студенттердин суроолоруна жооп беришти.

Эскерте кетсек, буга чейин коммуникация факультетинин студенттери менен маектешүү кечеси өткөрүлгөн.

Маектешүү кечесинде студенттер тарабынан берилген айрым суроолордун тизмеги:

1. Студент: Эмне үчүн “Мевлана” алмашуу программасы ветеринария факультетинде алынып салынды?

Ректор:  “Мевлана” алмашуу программасына өзгөрүүлөр киргизилип, айрым факультеттер үчүн жоюлуп калган. Бул биздин университет тарабынан киргизилген чектөө эмес. Түркиянын программасы болгону үчүн, биз өз эрежелерибизди киргизе албайбыз. Бирок жакында болчу жыйында ветеринария факультетин киргизүүнү сунуштайм.

2. Студент: Даярдоо курсунан баштап студенттерге англис тилин кыргызча менен түркчөнү окуткандай окуу программасына киргизүүгө болобу?

Ректор: Тил үйрөнүүдө мажбурлап окутуу эч качан ийгиликтүү болбойт. Эң башкысы каалоо болсо, тилди студент өзү эле үйрөнүп алат. Даярдоо курсуна жогорку бал менен өткөн студенттер үчүн англис тили жумасына үч жолу окутулуп жатат.


3. Студент: Кечки саат 18:00 дон кийин жеке автоунаам менен университетке кирүүдө чектөө болуп жатат. Бул маселени чечүүгө болобу?

Ректор: Университеттин студенттери каалаган убагында окуу жайга кире алышат. Бирок окуу жайыбыздын коопсуздугу да өтө маанилүү. Сен ким менен жана кандай кирип жатасың көзөмөлдөнүп турат.  Бул маселени сөзсүз түрдө карап чыгабыз.

Даярдаган: Адинай Курманова