Кыргызстандагы 190 мектептин 10407 окуучусу “Манас” университети менен таанышты


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Көңүлдүү таанытуу элчилери” долбоорунун алкагында региондордо “Манас” университетинин таанытуу иш-чараларынын  жыйынтыктоочу аземи өткөрүлдү.  Иш-чарага окуу жайдын ректору, проректорлору, Студенттик иштер башкармалыгы жана студенттер катышты.

 

   Таанытуу иш-чараларынын алкагында Кыргызстандын 7 облусундагы 190 мектептин 10407 окуучусу окуу жай тууралуу кенен маалымат алышты. Таанытуунун жүрүшүндө окуучуларга интеллектуалдык оюндар жана семинарлар өткөрүлдү. Иш-чара бир айга созулуп, жалпы 100гө жакын студент иш алып барды.      

    “Окуу жайыбызды таанытуу аркылуу университетибиздин  келечеги үчүн салым кошуп жатасыңар. Силердин жардамыңар менен окуу жайыбызга таланттуу жана билимге умтулган жаштар келет деген ишеничтебиз”,- деп билдирди ректор, проф., док. Себахаттин Балжы.   

    Жыйынтыктоочу аземде 7 облуста таанытуу иш-чараларын жүргүзгөн студенттердин топ башчылары таанытуу иштеринин жыйынтыгы тууралуу маалымат беришти.

Даярдаган: Адинай Курманова