Балдар арасында кол күрөш турнири өттү


28-февраль күнү университетибиздин дене тарбия жана спорт жогорку мектебинде Студенттик кеңештин Спорт комитети тарабынан балдар арасында кол күрөш турнири өткөрүлдү. Турнирге жалпысынан 50 гө жакын студент катышып, 60, 70, 75  жана 80 кг салмактык категория боюнча күч сынашты.

Студенттик кеңештин спорт комитетинин төрагасы,уюштуруучу Баястан Карыбеков “Бул турнир студенттердин бир гана билимден эмес, билектен дагы күч сынашуусуна мүмкүнчүлүк түзүүдө”,-деп билдирди.

Турнирдин жыйынтыгында 60 кг салмакта төмөнкү  студенттер жеңүүчү аталды.

  • 1-орун: Момунов Абдумалик;
  • 2-орун: Жумаалы уулу Мирлан;
  • 3-орун: Абдукадыр уулу Мухамед.

70 кг салмакта төмөнкү студенттер жеңүүчү аталды:

  • 1-орун: Акназар Сулайманов;
  • 2-орун: Мирзаев Анвар;
  • 3-орун: Искандаров Шах.

75 кг салмакта төмөнкү  студенттер жеңүүчү аталды:

1-орун: Ибрагимов;
2-орун: Кималов Анвар;
3-орун: Низаев Руслан.

80 кг салмакта төмөнкү  студенттер жеңүүчү аталды:

1-орун: Эйнар Шахмерденов;
2-орун: Алимов Сыймыкбек;
3-орун: Биналиев Абдулла.

Жеңүүчүлөргө медаль, грамота жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, бул турнир студенттик кеңештин спорт комитети тарабынан жыл сайын уюштурулуп келет.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова