"КТМУ кубогу" өттү


Үстүбүздөгү жылдын  28-февралында  К. Тыныстанов жыйындар залында “Тамашака” лигасынын “КТМУ кубогу” өттү. Оюнга Студенттик иштер башкармалыгынын Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын мүдүрү, тамашоучулар, Студенттик Кеңештин мүчөлөрү калыстык кылып, жеңүүчүлөрдү аныктады.

        Оюн университеттер арасындагы достукту, ынтымакты бекемдөө жана жаштардын талантын ачуу менен элге күлкү тартуулоо максатында уюштурулуп келе жатат.

         “КТМУ кубогунда” борбор калаабыздагы  университеттерден  жалпы 6 команда катышып, ким тапан жана фристайл конкурстары боюнча өнөрлөрүн көрсөтүштү.

        Жыйынтыгында эң көп упай топтогон “Wey” командасы 1-орунду ээледи. “Мага жагат” командасынын тамашасы “Мыкты тамаша” аталса, “Мыкты оюнчуга” Бекзат Абдразаков татыды. Жеңиш ээлери кубок, грамота жана белектер менен сыйланды.

        Эскерте кетсек, декабрь айында “Тамашака” лигасынын 4-сезонунун ачылыш фестивалы өткөрүлгөн.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы