“Ичиңде уктап жаткан вулканды ойгот” аттуу семинар өттү


   2-март күнү “Инсандык  өнүгүү”клубу тарабынан “Ичиңде уктап жаткан вулканды ойгот” аттуу  семинар уюштурулду.  Семинардын коногу  “Мен ишкермин” долбоорунун жетекчиси Асел Алымбаева болду.

 Иш-чаранын жүрүшүндө Асел Алымбаева тажрыйбалары менен бөлүшүп, бизнести баштоонун жол-жоболору тууралуу айтып берди. Ошондой эле өзүнүн бизнестеги басып өткөн жолу тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, ичибиздеги уктап жаткан вулканды ойготуу үчүн тобокелдик, ишеним жана аракет гана керек

   Жыйындын соңунда студенттердин суроолоруна жооп берип, мыкты жоопторго кийинки өткөрүлүүчү семинарга билеттер берилди.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы