“Кытай маданияты” жумалыгы өттү


    Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин  Конфуций институту менен биргеликте уюштурган “Кытай маданияты” жумалыгы жыйынтыкталды.

    Бир аптага созулган жумалыктын алкагында Жианжи (кытай элинин салтту кагаз кесүү өнөрү) сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы жана мастер-класстар өткөрүлдү. Ошондой эле Тайжичуан искусствосу, (Кытай гимнастикасы) кытай киносу жана ашканасына арналган иш-чаралар уюштурулду. Жыйынтыктоочу жума күнү кытай элинин ырлары ырдалып, концерттик программа менен жыйынтыкталды.

    “Жианжи өнөрүн эки айда үйрөндүм, башында бир сүрөттү 20 саатта бүтүрчүмүн. Азыр колум көнүп калды 4 сааттан 8 саатка чейин бир сүрөт даяр болот. Көргөзмөнү уюштуруудагы максатыбыз элдин сүрөттү кабылдоосун аныктоо”,- деди англис тили жана адабияты бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Адам Алишеров. Ал эми  кытай тили жана адабияты бөлүмүнүн 1-курсунун студенти Халил Асланташ “Кагаз кесүү өнөрү менен эки айдан бери эмгектенип жатам. Алгачкы эмгектеримде улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун сүрөтүн да даярдадым”,- деп билдирди.

    Жумалык 2016-жылдан тарта жыл сайын уюштурулуп келет.

Даярдаган: Адинай Курманова