“Youth projeсt Talk” долбоору өз ишин баштады


К.Тыныстанов жыйындар залында Студенттик кеңештин “Youth projeсt” клубу тарабынан “Youth projeсt Talk” иш-чарасы уюштурулду.

“Youth projeсt Talk” долбоорунун максаты илимий маалыматтар менен бөлүшү жана өз илимий жаңылыгын тартуулоону үйрөнүүгө шарт түзүү.

Иш-чарада жалпы беш спикер анатомия, экономика, ой жүгүртүү жана интернет темаларынын алкагында ой бөлүштү. Соңунда катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.

Клубдун ишмердүүлүгүнүн максаты жаштарга өзүнүн идеясын ишке ашырууга мотивация берүү, белгиленген багыттарда чечкиндүүлүк менен иш алып барууга үндөө, өз оюн ачык-айкын билдирүүсүнө шарт түзүү. “Youth projeсt” өз ичине чоң масштабдуу “Проект олимпиадасын” жана “Youth projeсt Talks” долбоорлорун камтыйт.

 

Даярдаган: Адинай Курманова