“Фотограф” конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды


13-март күнү экономика факультетинде “Фотограф” конкурсунун сыйлоо аземи өткөрүлүп, сүрөттөр көргөзмөгө коюлду. Иш-чара “Manas Art” клубу тарабынан уюштурулду.

“Фотограф” конкурсуна “Бишкектеги жашоо” темасындагы эмгектери менен 20 дан ашуун студент катышкан. Жыйынтыгында калыстардын чечими менен 1-орунду Нурзада Уланбек кызы багындырса, 2-орунду Урустанбек кызы Гулиза жеңип алды. Ал эми Нуман Өзтүрк 3-орунду ээледи. Жеңүүчүлөргө грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

“Бул конкурс аркылуу айланадагы ар кандай көйгөйлөр менен катар көңүл көтөргөн нерселердин да көп экенин байкадым. Мен ошолордун эки, үч гана көрүнүшүн сүрөттө чагылдыргам. Бул менин биринчи жеңишим, конкурс мындан ары сүрөт тартуума мотивация болду”,-деп билдирди Нурзада Уланбек кызы.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы