“Китеп кудугу” конкурсунда окуу жайыбыз 1-орунду жеңип алды
“Сабат басмаканасы” тарабынан уюштурулган “Китеп кудугу” конкурсунда окуу жайыбыз 1-орунду жеңип алды. Конкурска Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлары катышкан.
Аталган конкурстун жыйынтыктоочу аземи И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинде өтүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Жыйынтыгында 3-орунду Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети ээлесе, 2-орунга Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана 1-орунга Кыргыз-Түрк “Манас” университети татыды.
Ал эми гран-при сыйлыгына И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик окуу жайы ээ болду. Гран-при сыйлыгын алган университет 30 000 сом, 1-орундун ээлеген окуу жай 20 000 сом байге менен сыйланды.
Иш-чара китеп жарманкесин өткөрүп, китептерди тез сатып түгөтүү боюнча сыналган. Окуу жайыбызда мындай саамалыкты Студенттик Кеңештин “Билим” комитети ишке ашырган.
Даярдаган: Адинай Курманова