Нооруз майрамы белгиленди


Үстүбүздөгү жылдын 21-март күнү окуу жайыбызда нооруз майрамы белгиленди. Майрамдык иш-чарага университетибиздин жетекчилиги,Маданият жана Туризм министрлигинин орун басары Азамат Жаманкулов, Туркия Республикасынын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат, боордош өлкөлөрдүн толук ыйгарым укуктуу элчилери,университетибиздин окутуучулук жамааты жана студенттер катышты.


Салтанаттын алкагында окуу жайыбыздын алдына боз үй тигилип, кол күрөш, жаздык урмай, күрөштүн түрлөрү, аркан тартыш, таяк тартыш сыяктуу улуттук оюндар уюштурулду.


Ал эми майрамдык концерт умай эненин алас айтуусу менен башталып, университетибиздин ректору проф., док. Себахаттин Балжы жана проректор проф.,док. Асылбек Кулмырзаев ачып берди.


Ректорубуз жалпы мусулман элин нооруз майрамы менен куттуктап, буларга токтолду "Ата-бабаларыбыз бизге таштап кеткен улуу жолду, кийинки урпактарыбызга татыктуу өткөрүп калтыралы. Нооруз майрамыбыз жаңы ийгиликтердин, бакыттын, молчулуктун жылы болсун".
Ал эми Туркия Республикасынын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат "Нооруз майрамын быйыл биринчи ирет үй-бүлөм менен Кыргызстанда белгилеп жатам, мен үчүн өзгөчө болду",-деп билдирди.


Иш-чара окуу жайыбыздын студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду. Концерттин алкагында окуу жайыбызда билим алып жаткан ар улуттун студенттери улуттук кийимин кийип, өз тилдеринде куттуктоо айтып өнөрлөрүн тартуулашты.

Мындан тышкары Эл аралык студенттер координаторлугу тарабынан 11 улуттун өзүнө таандык улуттук кийимдери, буюм-тайымдары жана аспаптары көргөзмөгө коюлду.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова