Ректор инженерия факультети менен маектешүү кечесин өткөрдү


22-март күнү университеттин ректору проф., док. Себахаттин Балжы жана биринчи проректор проф., док. Асылбек Кулмырзаев инженерия факультетинин студенттери менен маектешүү кечесин өткөрдү. Маектешүүгө инженерия факультетинин окутуучулук жамааты жана студенттер катышты.

Иш-чара окуу жайдын таанытуу тасмасы жана “Манастын сыймыктары” долбоорунун видеосу менен башталды. Ректор маегинде инженерия факультетинде түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдөн кеп салып, адамдык сапаттар жана ийгилик жаратуудагы өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү. Ал өз сөзүндө “Келечекте эң көп талап кылынган адистер инженерия факультетинде билим алып жатышат. Техниканын өнүккөн заманында силердей адистер жумушсуз калбайт”,- деп баса белгиледи. Ошондой эле тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө беш жыл алган билимиңер ашып кетсе, дагы беш жылга жетиши мүмкүн.

Диплом алгандан кийин, билим алууну токтотуп коюу жаңылыштык, өмүр бою жаңы нерселерди үйрөнүү замандын талабы деп кошумчалады. Ал эми биринчи проректор проф., док. Асылбек Кулмырзаев дүйнөлүк билим берүүдөгү өзгөрүүлөр жана жаңылануулар тууралуу кеп салып, жаңы нерселерди өз алдынча үйрөнүүгө, изилдөөгө кеңеш берди. Жолугушуунун соңунда маектешүүгө келген студенттердин суроолоруна жооп беришти. 

Ректор менен маектешүү кечесинде студенттер тарабынан берилген айрым суроолордун тизмеги:

1. Студент: Келечекте англис тилинде өтүлүүчү сабактардын саны көбөйөбү?

Ректор: Учурда айрым өзгөрүүлөр киргизилип, беш жылдык окуу тартиби жаңылануунун алдында турат. Англис тилиндеги сабактардын саны көбөйүшү мүмкүн, бирок мындай жаңылануулар кыргыз жана түрк тилиндеги сабактар азаят дегенге жатпайт.

2. Студент: Кечки саат 18:00 дон кийин класстарда калып сабак окууга уруксат берилеби?

Ректор: Эгерде студенттерибиз кааласа, каалаган убагына чейин калып сабак окуй алышат. Бирок эрежеге ылайык сабак окуудан тышкары, тартипсиздик иштерге тыюу салынат. Эки жылдан бери экзамен учурунда китепканаларыбыз да 24 саат бою кызмат көрсөтүп келет. Мындай иштер жүргүзүлгөн мониторингдерге ылайык жасалып, өзгөртүүлөр киргизилет.

Hazırlayan: Adinay KURMANOVA