"Plogging_Manas"- дени сак жашоо менен экологияны коргоо


Үстүбүздөгү жылдын 31-мартында Бишкек шаарында “Таза Жашоо” долбоорунун негизинде “Плоггинг” аталышындагы ишембиликтин жаңы ыкмасы өткөрүлдү.

Мындай акция Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Студенттик иштер башкармалыгы Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын демилгеси менен уюштурулуп, ага окуу жайдын проректору проф. докт. Анварбек Мокеев, кызматкерлер, бутурүүчүлөр жана студенттер катышышты.


Катышуучулар Тыналиев көчөсүнөн Масалиев көчөсүн көздөй чуркап, жол четиндеги таштандыларды чогултушту. Уюштуруучулардын айтымында бул иш-чара мындан ары ар ишемби күндөрү университеттин “Биота” клубу тарабынан өткөрүлүп турат.


Плоггинг - чуркап бара жатып таштанды чогулткан фитнестин жаңы тренди. Бул акция Швецияда башталып, учурда Европа өлкөлөрүнө да жайылууда. Плоггингдин максаты ден соолукту чыңдоо менен бирге экологияга кам көрүү болуп саналат.

Даярдаган: Айдана Топчубаева