«РСК Банк» «Манас» университетинин студенттерин стажировка өтүүгө чакырат


Үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде «РСК Банктын» кызматкерлери компьютердик инженерия бөлүмүнүн 3-4-курстарынын студенттери менен жолугушуу өткөрдү.


Жолугушууда Персонал менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Самат Ниязбеков банк тууралуу айтып берип, стажировка жана практика өтүүнүн шарттары жана жумушка орношуу боюнча түшүндүрүп берди. Ал эми Информациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Максим Некрасов, Аналитика бөлүмүнүн башчысы Татьяна Бондарец, Персонал менен иш алып баруу башкармалыгынын менеджери Нурия Матиева өздөрү иштеген башкармалыктардын ишмердүүлүгү, аткарган функциялары жана кызматкерлерге коюлган талаптары тууралуу кеңири маалымат беришти.


Жолугушуу учурунда студенттер стажировка өтүү жана жумушка орношуу боюнча кызыктырган суроолоруна жооп алышты.


Иш-чаранын соңунда Персонал менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Самат Ниязбеков университеттин жамаатына жана студенттерге ыраазычылык билдирип, каалоочуларды стажировка өтүүгө чакырды. Аталган банкта стажировка жана практика өтүүнү каалагандар www.rsk.kg сайты аркылуу толук маалымат алып, резюмесин жөнөтсө болот.


Иш-чара Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филалы тарабынан уюштурулду.

Даярдаган: Адинай Курманова