“Театр” клубунун “Aşk varmış, aşk yokmuş” аттуу сценкасы коюлду


    6-апрелде К. Тыныстанов  жыйындар залында Студенттик Кеңештин  “Театр” клубу тарабынан  “Aşk varmış, aşk yokmuş” аттуу сценка коюлду. Иш-чарага окуу жайдын ректору, проректорлору жана студенттер катышты.

    Түркиянын белгилүү жазуучусу Айсел Алтунердин чыгармасынын негизинде коюлган сценка эки айга жакын даярдалган. Сценка көркөм өнөр факультетинин 1-курсунун студенти Мехмет Көстекчинин режиссёрлугунда  сахналаштырылып, баш каармандардын ролун даярдоо курсунун студенти Огузхан Сарыкая жана көркөм өнөр факультетинин 3-курсунун студенти Айшенур Өзжан аткарышты.  

    Сценкада сүйүнүн мааниси жана орду, сүйүүсүнө жетпей калган эки жаштын тагдыры көрсөтүлгөн. Сценка башынан аягына чейин “Музыка” клубунун аткаруусундагы чыгармалар менен коштолду.

    Белгилей кетсек, “Театр” клубу 2017-2018-окуу жылында “Жаштар” фестивалында “Эң мыкты режиссёр”, “Эң мыкты эркектин ролу”, “Эң мыкты аялдын ролу” аттуу сыйлыктарын алып, Бишкектеги ЖОЖдор арасында Кыргыз-Түрк “Манас”  университети 2-орунга татыктуу болгон.

Даярдаган: Адинай Курманова