“Ыйман” фондунун “Сыноо” жана “Эксперимент” тасмаларынын бет ачаары өттү


  Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде коммуникация факультетинин кино залында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун “Медиа мейкиндик” долбоорунун алкагында тартылган “Сыноо” жана “Эксперимент” аталышындагы кыска метраждуу тасмалардын бет ачаары өткөрүлдү. Иш-чарага “Ыйман” фондунун долбоорлор координатору Табылды Муратбеков, тасманын тартуучу тобу, актёрлор жана студенттер катышты.

    Иш-чара аталган  фонддун таанытуу видеосу менен башталып, “Сыноо” жана “Эксперимент” аталышындагы кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлдү.

   Тасманын режиссёру Мунар Орозалиев “Биздин тасмалардын түпкү мааниси ыйман, адепке багытталган. Жаштарыбызга тасма аркылуу таалим-тарбия берүү негизги максатыбыз”,-деп билдирди. Ал эми “Сыноо” тасмасында башкы каармандын ролун ойногон актер Азамат Арыков тасмага тартылууда кыйынчылыктар болбогонун айтып буларга токтолду “ Тартуучу топ мыкты даярдыкта жана күчтүү болгондуктан иштешүү оңой жана кызыктуу болду”.

  Соңунда тасманын тартуучу тобу студенттердин суроолоруна жооп берип, белектерин тапшырды.

    Эске сала кетсек, буга чейин аталган фонддун  “Унутулган салт” тасмасынын бет ачаары өткөн.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова