Чет өлкөлүк студенттерге саякат уюштурулду


Универститетибизде өткөрүлүп жаткан багыттоо программасынын алкагында үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрында университетибиздин жетекчилиги жана жана Эл аралык студенттер координаторлугу тарабынан чет өлкөлүк студенттерге атайын даярдалган таанышуу саякаты уюштурулду. Окуу жайыбыздын  ректору проф., докт. Сeбахаттин Балжы жана башка жетекчилер менен чогуу болгон бул саякатка жалпысынан 237 студент катышып абдан кызыктуу маанайда өттү.

       Программа "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин тааныштыруу менен башталып, андан соң “Ала-Арча” паркында түшкү тамак жана сейилдөө менен жыйынтыкталды.