“Haydi Türkçe konuşalım” проекти башталды


8-октябрда “Haydi Türkçe konuşalım” проектисинин ачылыш сабагы өткөрүлдү. Ага жалпы 400 дөн ашык студент катышып, сабактын программасы менен тааныштырылды. Сабактар жогорку курста окуган студенттер тарабынан өтүлүп,  ар ишембиде саат 9:00 дөн 13:00 гө чейин болмокчу.  

Проекттин максаты даярдоо курсунда окуп жаткан студенттерге түрк тилин үйрөнүүдө жана аны практикада колдонууда көмөк көрсөтүү.

Белгилей кетсек, университетибизде ишке ашып жаткан бул проектке 4 жылдын жүзү болду. Бул проект жаңы ачылганда 35 студент окутулуп башталган. Өткөн жылы проекттин масштабы чоңоюп 200 гө жакын студент окууну  ийгиликтүү аякташса, бул жылы 600 студент каттоодон өтүп окууну баштоонун алдында турат. Ал эми курсту ийгиликтүү бүтүргөндөр жыл аягында сертификат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.