“Оратор Time” жарышы өткөрүлдү


18-апрель күнү Касым Тыныстанов жыйындар залында “Оратор Time” жарышы уюштурулду. Бул жарышта “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков, “БН” тренинг борборунун негиздөөчүсү Бурулкан Нуракова, “Оратор Club.kg” борборунун жетекчиси Калийма Бектурова жана окуу жайыбыздын ага окутуучусу, акын Алтынбек Исмаилов калыс болду.

“Оратор Time” жарышынын тандоо турунан финалга 8 студент тандалып алынган.  Финалисттер төмөнкүдөй үч этап боюнча күч сынашты.     

1)    5-7 минута аралыгында берилген темада оюн айтып берүү;
2)    Сөздү кураштыруу;
3)    Калыстар тарабынан берилген атайын тапшырмаларды аткарышты

Жыйынтыгында 1-орунга Бекболот Кубатбек уулу, 2-орунга Зарина Акпаралиева жана 3-орунга Нурмухаммед Түркбаев ээ болду. Жеңүүчүлөргө ардак грамоталар жана белектер тапшырылды.

Иш-чара Студенттик Кеңештин “Билим” комитети тарабынан уюштурулду.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова