Нарындын окуучулары окуу жайыбызда мейманда


    Үстүбүздөгү жылдын 27-апрель күнү  Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Карасуу айылы  орто мектебинин 9-11-классынын окуучулары “Манас” университетине саякат жасап, таанышып кайтышты. Таанытуу иш-чарасына жалпы 30 активдүү окуучу катышты.

    Окуучулар  алгач Социалдык имараттардын жыйындар залында университеттин таанытуу фильмине, студенттик медиа порталдарынын видео тасмаларына күбө болушту. Таанытуу фильминен соң окуу жай тууралуу ой-пикирлерин билдиришип, кызыккан суроолоруна жооп алышты. Окуучулардын көпчүлүгү университетке сынак тапшыруу, жатаканадагы шарттар, тил үйрөнүү жаатындагы суроолорго кызыгышты.

    Экскурсиянын соңу кампус тур менен уланып, коммуникация, экономика жана башкаруу факультеттерине, спорт жогорку мектебине жана жатаканага саякат жасашты.    Таанытуу иш-чаралары окуучулардын келечектеги кесибин тандоого көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган.

    Белгилей кетсек, таанытуу иш-чаралары Студенттик иштер башкармалыгы, студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын жетекчилигинде студенттерибизден түзүлгөн таанытуу командасы тарабынан өткөрүлүп келет.

Даярдаган: Адинай Курманова