“Жаш маркетологдор” клубу ачылды


    Үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинде Студенттик Кеңештин курамында “Жаш маркетологдор”  (“Young Marketeers”)  аттуу клубдун ачылыш аземи өткөрүлдү. Иш-чарага Экономика жана башкаруу факультетинин  жетекчилиги, “Mr.Marketing” компаниясынын директору, “Pepsi” соода маркасынын бренд менеджери жана Студенттик Кеңештин жетекчилиги катышты.

    Ачылыш азем клубдун ишмердүүлүгү менен тааныштырган видео тасма менен башталды. Экономика жана башкаруу факультетинин деканынын орун басары Сейил Нажимидинова  “Жаштардын демилгеси менен ачылып жаткан клуб, студенттердин ар тараптан өнүгүүсүнө жардам берет деп ишенем. Клубдун ишмердүүлүгүн ар тараптан колдоого даярбыз”, -деп билдирди.

    “Mr.Marketing” компаниясынын директору Ильгиз Эдил уулу жалпы маркетинг тууралуу кеңири түшүнүк берип, өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү. Ал эми КТМУнун бүтүрүүчүсү, “Pepsi” соода маркасынын Казакстандагы жана Кыргызстандагы  бренд менеджери Нурбек Абдылдаев маркетинг тармагындагы карьералык мүмкүнчүлүктөр  тууралуу айтып берди. Мындан тышкары эмгек жолундагы тажрыйбалары менен бөлүшүп, студенттерди ар тараптан изденүүгө чакырды.

    Иш-чара кыска программадагы концерт менен коштолуп, ар түрдүү оюндар ойнотулуп жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды.

    Клуб студенттерди бириктирүү жана теория менен практиканы айкалыштыруу максатын көздөйт.  

    Эскерте кетсек, аталган клуб Студенттик Кеңештин курамындагы отузунчу клуб болуп ачылды.

Даярдаган: Адинай Курманова